Чаткал РИИБдин кызматкерлери мектеп окуучулары менен жолугушуп, жол эрежелерин сактоого жана кылмыштуулуктан алыс болууга үндөп жатышат. Аба-ырайынын катаал шартына карабастан мындай профилактикалык иштер тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чаткал району суук аймактардын катарын толуктагандыктан түнкү учурларда көчөгө чыкпоо керектиги эскертилген. Жолдор тайгак болгон мезгилдерде этият болуу жана жол эрежелерин сактоо зарылдыгы белгиленди.
«Милиция кызматкерлери мектеп окуучуларын санитардык нормаларды сактоого чакырышты. Учурдагы жугуштуу илдеттин алдын алуу үчүн ар бир жаран жеке гигиеналык эрежелерди карманып, тиешелүү медициналык каражаттарды колдонуу керектиги айтылды», — деп берилет маалыматта.