Чеченстанда жигит куран үйрөткөн мугалиминин уулун сүзүп кетип, каза болуп калган. Бул тууралуу astanatv.kz жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Шайх- Анвар аттуу жаран 14 жаштагы баласы Яхьяны жерге берүүдөн мурун, сүзүп кеткен окуучусун алып келүүгө унаа жөнөткөн.
Тажияда мугалимдин сүйлөгөн сөзү элдин баарын ыйлатты.
“Мен сени жакшы көрөм, сенин дагы мени жакшы көрөөрүңдү билем. Жакында эле экөөбүз чогуу отуруп Куран окудук. Мен сенин мугалимиң, сен менин окуучумсуң. Мен сени Алла үчүн өмүрүңдүн акырына чейин жакшы көрөм жана кечирдим. Алла сага сабыр жана бардык жакшылыкты берсин. Кел, кучактайын”, — деген маркумдун атасы.
Жигитке алдыңкы катарга туруп, маркумдун сөөгүн көтөрүүгө уруксат берилген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram