Борбор калаада УКМКнын жаңы административдик имаратынын капсуласы салынды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Иш-чарага УКМКнын жетекчилиги, өздүк курам жана атайын кызматтын ардагерлери катышкан. Жаңы имараттын УКМКнын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана кызматкерлердин иштешине тиешелүү зарыл болгон шарттарды түзүү үчүн курулуп жатканы айтылды.
Камчыбек Ташиев мындай заманбап имараттардын ачылышы менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу жана ыкчамдуулугу, ички жана тышкы коркунучтарга каршы күрөштүн сапаты жогорулай турганын белгилеген.