7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Чек араң бек болсо, уйкуң тынч болот»

201

«Чек ара деген түшүнүк өлкөбүздүн коопсуздугу гана эмес, эгемендиги, кол тийбестиги экендигинин далили»- бул тууралуу ардагер журналист Буажар Калматова социалдык тармакка жазды.

«Дүйнөдө чек ара үчүн кырчылдаган кармаштар жүрүп, колдон колго өткөн аймактар далай тагдырларды өзгөртүп жүрүп олтурду адамзаттын узун тарыхында. Ал кармаштардын басымдуу бөлүгү жер жана суу ресурстары үчүн болуп келди. Суусу жок аймактар, суу мол, кен байлыктары көп тарапка тынымсыз согуш ачып турушкан.

Жогорудагы мисалдар дал бүгүнкү XXI кылымдын ортосуна чейинки мезгилге дейре уланып келүүдө. Анын үстүнө климаттын кескин өзгөрүшү, суу тартыштыгы, адамзаттын планетада улам саны көбөйүп жатканы дагы жашоо үчүн болгон күрөштү курчутуп олтурат. Биздин эле Борбордук Азияда аяк-быягы 80 миллиондон ашык калк отурукташкан. Өлкөлөрдүн арасынан эң чаканы Кыргызстан болуп саналат. Жаратылыш ресурстарынын ичинен тегиз жери аз, 95 пайызын тоо таштар ээлет турат. Мындай шартта суу башы болгонубуз менен, тегиз жердин аздыгы бизди көп кыйынчылыктарга туш кылууда.

Өлкөнүн эң түштүгүндө жайгашкан Баткен чөлкөмү географиялык жактан өзгөчө регион. Суунун запасы өтө чектелген, айыл чарбасына ынгайлуу жердин көбү тоо таштын арасына кысылып жайгашкан. Мына ошондуктан ал региондун чек арасы дагы өтө татаал. Союз ыдырагандан тартып күчөгөн ички жана тышка миграция чек араларды өтө чиелентип таштады. Чек арада жайгашкан айылдардын эли базары жакын жашоого ыңгайлуу жактарга көчүп кетип, ордуна коңшу тажикстандыктар көчүп келип сатып ала баштаган. Бул процесс жүрүп олтуруп, чек араларды шахматтык абалга алып келип койгон. Мына ошентип олтуруп 30 жылдын ичинде Баткен чек арасында бүгүнкү татаал абал келип чыкты.

Буга чейин башкарып келген өлкө башчылары өздөрү отурган креслосун гана бекемдеп, чек ара менен деле иши болбой келген. Бүгүнкү бийлик башындагылар мамлекеттик чек араны биротоло чечмейинче чек ара жаңжалы ырбай бере тургандыгын билип, акыркы эки жылдан бери бул маселени бир жаңсыл чечкенге өзгөчө көңүл бурушту. Бул эки жыл аралыгында чек ара чийинин аныктоо, талаштуу аймактарды чечүү жана зарылчылыкка ылайык аймактарды алмашуу жолуна да барышты. Өлкө Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров мырза менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси катары генерал-полковник Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев мырзалардын албан аракеттеринин аркасында Баткен чөлкөмүндөгү чек ара көйгөйү оң жагына чечилип олтурат.

30 жылдан ашун убакыттан бери чиеленишип, биротоло тамырына тамыры оролошуп калган чек ара көйгөйлөрүн тактоо жана сактоо дагы өтө кыйынга турду. Эки өлкөнүн аймагында чек араны тактоо боюнча түзүлгөн комиссиялардын жогорку денгээлдеги сүйлөшүүлөрү, отурумдары, байма бай өткөрүлүп келди жана алар баш көтөрбөй иштеп турду. Акылман элибиз “ач кулактан тынч кулак” дегендей тынччылыкты токчулуктан өйдө коюп, ачка олтурсанда тынч олтурганга жетпейт деген маанини айтып келген.

Мына эми акыры орток мунаса табылып, чек ара бир жансыл чечилип олтурат. Кылымдардан бери коңшу жашап келаткан эки элдин бири бирине келиши жөнгө салынгандыгы чоң жениш болду. Эми жылда жаз келгенде башталчу кетмен согушу – таш согушу деген жанжалдар кудай буйруса биротоло токтоду. Убактылуу жабылып калган чек ара ачылып, эки эл бир бирине кучак жайып, бир туугандарча жүздөштү.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон мырза борборубуз Бишкеке официалдуу визит менен келди. Анын учагы Манас эл аралык аба майданында шаан шөкөт менен тосулуп алынды.

Эки өлкөнүн президенттери мындан ары жакшы коңшулук алакаларды бекемдөөгө негиз болууучу маанилүү бир топ келишимдерге кол коюшту. Ошентип кудай буйруса мындан ары жергебизде, чек араларыбызда тынчтык өкүм сүрүп, ал жерлерде турмуш кечирген эки элдин өкүлдөрү бир туугандарча камыр-жумур катташып, түбөлүк достук алакасын жаңы нукта бекемдей берет деген илгери үмүттөбуз. Ылайым ошондой болсун!»- деп жазган.

202