Баткен: Чек ара чырынан дагы эки жаран көз жумду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жеринен кабарлады.
Маалыматка ылайык, 1-майга карата чек ара чырынан дагы 2 адам каза таап, бир адам жарадар болду.
Айтымында, каза болгон жарандардын бирөө 1966-жылы төрөлгөн, экинчи жаран 1991-жылы туулган.
«Чыр чыккан чек ара тилкесине Бишкек шаарынан келген эки «Тез жардам» унаасын азыр жөнөттүм. Каза болгон эки жаранга бүгүнкү болгон чырда ок тийген, алар ооруканага жетпей каза болгон», — деди министр.
Каза болгон жарандар Интернационал айылынын тургундары болушкан. Каза болгондордун жалпы саны 33кө жетти.