Чек ара чырында жаракат алгандарга 50 миңден 100 миңге чейин кенемте төлөнөт. Бул тууралуу Садыр Жапаров кечээ, 6-майда, Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылынын жана Баткен районундагы Орто-Боз айылынын тургундары менен жолугушуусунда билдирди.
Анын айтымында, бузулган үйлөрдүн бардыгы акысыз калыбына келтирилип, курулуш иштери ушул жылдын июнь айына чейин аяктайт.
«Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон, ал эми жаракат алгандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин кенемте төлөнүп берилет. Өзгөчө статус алуу менен Баткен облусу бир катар жеңилдиктерге ээ болот, чек ара жаңжалынан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлдө реабилитациядан өтүшөт.
Президент ошондой эле күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин, анын ичинде чек арачылардын эмгек шартын жакшыртуу жана айлык акыларын жогорулатуу боюнча чаралар улантыларын кошумчалады.
«Мен Баткен облусун колдоо үчүн өзгөчө күч-аракеттерди жумшайм. Биз эч кимге кыргыз жерине ээлик кылууга жол бербейбиз», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.