Ош шаарында нөшөрлүү жамгырдан улам таза суу берүү убактылуу токтотулду. «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасы шаар тургундарын таза суу камдап алууга чакырат.
«Учурда Папан айылында нѳшѳрлѳп жааган жамгырдын кесепетинен Даңги участогунан түшкѳн селдерге жана туруксуз аба ырайына байланыштуу, Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогору болгондугуна байланыштуу Ош шаарында таза суу берүү чукул убакытта токтотулду
Маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: 105, 0225 105-105,
0999 105-105, 0553 200-105, 8-11-15, 8-11-51
Ош суу чарба ишканасы жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз«-деп билдирет маалымат бөлүмү.