7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда милициялар тарабынан сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу иштери жүрүүдө

612

Жалал-Абад облусунун аймагында жаш өспүрүмдөр арасындагы сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу максатында милиция тарабынан профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сузак, Базар-Коргон жана Токтогул РИИБдеринин кызматкерлери жакынкы көлмөлөрдүн, шар аккан суулардын бойлоруна эскертүү тактайчаларын орнотушууда.

«Жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, жаш балдарды ар дайым көзөмөлгө алуу зарылдыгын эскертип жатышат. Милиция кызматкерлери нөшөрлүү жаан жааган учурларда жаратылыш кырсыктарынан сак болууга, ички жана сел арыктарын тазалап турууга үндөшүүдө. Ошондой эле канал бойлоп мектепке барган окуучуларга жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, суу бойлорунда түртүшүп ойнобоо зарылдыгы эскертилип жатат», — деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

613