7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек ара кызматы: Баткенде 21 жаштагы аскер кызматкери каза болду

943

Бүгүн, 21-февралда Баткендеги чек ара отрядында аскер кызматкери кокусунан атылган октон каза тапты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, чек ара постундагы нөөмөт учурунда Чек ара кызматынын 26 жаштагы З.Ж. аттуу аскери АК-74 автоматынан кокусунан ок чыгарган. Ок 21 жаштагы У.Б. аттуу аскер кызматкеринин мойнуна тийген.

Медициналык жардам көрсөтүлүп, Баткен облустук бириккен ооруканасына өз убагында жеткирилип, өмүрүн сактоого көрүлгөн бардык аракеттерге карабастан жоокер алган жараатынан улам каза болуп калган.

«Чек ара кызматынан белгилешкендей, бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилди. Окуя болгон жерге Аскер прокуратурасынын Баткен гарнизонунун өкүлдөрү жөнөп кетти»,-деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

944