7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек ара кызматынын аскер кызматкери күтүүсүздөн көз жумду

319

8-февралдан 9-февралга караган түнү УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери күтүүсүздөн көз жумду. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жоокер армияга 2020-жылы жазында чакырылган. Өлүмдүн себеби катары миелоиддик лейкоздун курч түрү экени айтылды.

«Катардагы жоокер Ч.С. дарыланган медициналык мекеменин туруктуу көзөмөлүндө болгон. Көрүлгөн бардык чараларга жана көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан аны сактап калуу мүмкүн болгон жок. УКМКнын жетекчилиги жана өздүк курамы аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат», — деп билдиришти мекемеден.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

320