1-май саат 15: 00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын Коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү билдирди.
Эки тараптуу келишимдерди бузуу менен, коңшу тарап аскерлерин жана оор аскер техникаларын Кыргызстан менен чек ара тилкесине алып чыгууну улантууда.
Баткен районундагы Көк-Таш конушунун аймагында тажик тарап мезгил-мезгили менен өтүп бара жаткан унааларды аткылап жатат.
Саат 13: 35те төраганын биринчи орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору полковник Уларбек Шаршеев Тажикстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Тажикстанга жөнөп кетти.