30-апрелде Республикалык кан борборунда кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандар үчүн 150гө жакын адам кан тапшырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун жана Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарына жаткырылган жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын жана анын компоненттеринин жетиштүү көлөмү бар экени айтылат. Жабыр тарткан мекендештерибиз үчүн кан тапшырууну каалагандар кан борборлоруна барып тапшырса болот.
Эскерте кетсек, кан тапшыраардын алдында майлуу, куурулган, сүт азыктарынан баш тартуу керек. Облустардагы бардык Кан борборлору да ушул эле тартипте иштейт.
Жаракат алган кыргызсыктар үчүн кан тапшырууну каалагандар төмөнкү дарекке кайрыла алышат:
Бишкек ш., Ч.Айтматов проспектиси, 60. Республикалык кан борбору.Иштөө тартиби: дүйшөмбү-жума 8:00 – 14:00гө чейин, ишемби күнү 8:00 – 11:00гө чейин.
Кан тапшыруу үчүн паспорт, айдоочулук күбөлүк же аскер билети менен баруу керек.