Чек арада 3 жаранга таш, бир жарандын көзүнө ок тийди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.
Анын айтымында, кечээ, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында орун алган ташбаранда 3 жаранга таш тийип, орууканага кайрылган. Анын экөөсү ооруканага жаткырылып, бири үйүнө чыгарылган. Ал эми бүгүн бир жарандын көзүнө ок тийип, Лейлек аймактык орууканасына жаткырылды.