Сузак айыл өкмөтү мамлекетке келтирген 20 миллион сомдун ордун толтурду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин УКМК мурда жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү фактыларын аныктаган.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндөгү ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында, Жалал-Абад облусунун Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы «С.А.Н», 2019-жылдан бери жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берип, республиканын бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиргендиги аныкталды.
КР УКМК жүргүзгөн иштердин жыйынтыгында, аталган «С.А.Н» 20 миллион сомун мамлекеттик бюджетке кайтарып берди, буга байланыштуу ага карата үй камагына чыгаруу түрүндө баш коргоо чарасы өзгөртүлдү.
Азыркы учурда Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы «С.А.Н» карата жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү жана келтирилген чыгымдарды аныктоо боюнча боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.