7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Головной ким тарабынан курулган?» Чек ара чырынын хронологиясы

1063

Кыргызстандын Баткен районундагы Көк-Таш айылынын тургундары менен Тажикстандын Исфара районунун Ходжаи Аъло айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыгып, тажик тараптан 8 жаран, кыргыз тараптан 4 жаран жараат алды.

Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын карамагындагы башкы суу алуу түйүнүн (Головной) 60-жылдары Кыргыз ССРинин талабы менен курулган.

Кыргыз-тажик чек ара чыры кечээ, 28-апрелде саат 11:00дө башталган.

Жаңжалдын бирден-бир себеби, тажик тараптын Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын карамагындагы башкы суу алуу түйүнүн (Головной) жарыктандыруу үчүн коюлган мамычага тажик жарандары тарабынан видео көзөмөл орнотулганы болгон. Алар экинчи мамычага да орнотуп жаткан учурда кыргыз чек арачылары тарабынан токтотулган.

28-апрель саат 16:00
Кыргыз-тажик ортосундагы ташбарандан жалпы 12 жаран жаракат алган болсо, анын ичинен төртөө кыргыз, 8си тажик.
Тажикстандын өкмөтүнүн пресс-борборунун берген маалыматына караганда, тажик тарап суу бирдей жана адилеттүү бөлүнүшү үчүн көзөмөлгө алуу максатында камера орнотуп башташкан. Ходжаи Аълонун жашоочуларынын айтымында, буга чейин кыргыз бийлиги видеокөзөмөл камераларын орноткон, бирок тажик тарап ушундай чараларды көрүп баштаганда, кыргыз чек арачылары каршы чыгышкан.

28-апрель, саат 12:25
Кыргыз чек арачылары билдиргендей, «тажик тараптын экинчи видеокамераны орнотуу учурунда, окуя болгон жерге УКМКнын чек арачылары менен Баткен ОИИБинин кызматкерлери барып токтотууну талап кылышкан. Ходжаи Аъло айылынан саат 12.25чамасында мылтыктан ок чыккан.

28-апрелде 11:30
Чыр чыкканга чейин тараптардын жергиликтүү бийлик органдарынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Кыргыз тарап орнотулган видеокамераларды демонтаждоону талап кылынган. Натыйжада тараптар бир пикирге келе алышкан эмес жана Головной суу бөлүштүрүү пунктунун аймагына келген кыргызстандыктар видеокамера орнотулган мамычаны кыйып башташкан.
Жаңжал болгон жерде эки тараптан болжол менен 100-150 адам чогулган. Жарандардын тирешүүсү ташбаранга айланган.
Ходжаи Ало айылынын тургундарынын айтымында, жаңжал учурунда кеминде 15 адам жаракат алып, алардын сегизи ооруканага жеткирилген.

29-апрель, 11:00
Баткен районунун жарандык коргонуунун башчысы, аким тарабынан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Чыр чатак орун алган аймактан элдер, коопсуз жайларга көчүрүлүүдө.

29-апрель, 12:30
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал уланып, тажик тараптан 20га жакын ок атылды, тирешүү улантууда.

 

17-апрель, 2021-жыл
Исфара жана Баткен чек ара айылдарынын жашоочуларынын ортосунда Головной суу бөлүштүрүү пунктунун жанында чыр чыккан. Анда кыргыз тарап Головнойдо оңдоо иштерин жүргүзүүнү каалашкан, бирок буга тажик тарап каршы чыккан.

22-апрель, 2021-жыл
Фергана облусунда Тажикстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын суу чарбасынын өкүлдөрү жолугушуп, Головнойдогу сууну пайдалануу маселесин талкуулашкан. Бирок алар бир пикирге келе алышкан эмес.

1974-жыл, Головной
Головнойго жакын жайгашкан айыл тургундарынын ортосунда биринчи жолу жаңжал орун алып, куралдуу кагылышуу болгон.

1989-жыл, Головной
Баткен районунун тургундары менен Исфара районунун тургундарынын ортосунда кайрадан жаңжал чыгып, куралдуу кагылышуу орун алган.

2014-жылы дал ушундай жаңжалдан жалпы 9 адам жаракат алган.

2018-2021-жылдар аралыгында тажик-кыргыз чек арасында 9 ири жаңжал катталып, майда кагылышуулар эсепке алынбай калган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 971 чакырымды түзсө, анын 504 чакырымы гана ушул күнгө чейин делимитацияланып, демаркацияланган. Айрым жерлерде чек ара калктуу конуштардын так ортосунан, ал тургай жашоочулардын үйлөрү аркылуу өтөт, ошондуктан дээрлик 30 жылдан бери чектеш өлкөлөрдүн ортосунда чек ара чыры чечилбей келет.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1064