7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек арадагы кырдаалдын мындан ары курчушуна жол бербөө боюнча маселелер талкууланды

512

Түндө Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов депутаттарды кайрадан чогултуп, парламенттин кезексиз жыйыны уланды.

Жыйында Талант Мамытов президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен өткөн Коопсуздук кеңешинде каралган маселелер боюнча кеңири маалымат берди. Белгилүү болгондой, Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдын мындан ары курчушуна жол бербөө жана чыңалуунун деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар талкууланган.

Төраганын айтымында, Мамлекет башчысы тиешелүү түзүмдөргө чек ара аймактарынын жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. Муну менен катар жабыркаган жана эвакуацияланган жарандарга керектүү жардам көрсөтүү чечими кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Баткендеги кырдаал боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан Бишкек жана Ош шаарларында атайын штаб түзүлдү. Учурда депутаттар тобу Баткен облусунда жана Ош шаарында иш алып барууда. Жергиликтүү тургундар аталган штабдарга кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал эми эл өкүлдөрү айтылган сунуш-пикирлерди тийиштүү министрликтерге жана мекемелерге жеткирип, чечүү аракетин көрөт.

Азыр депутаттар өз милдеттерин аткарууну улантууда. Кезексиз жыйын жабылган жок. Тыныгуу жарыяланып, зарылчылыкка ылайык депутаттар кыска мөөнөттө чогулуп турушат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

513