Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан 87 адам жаракат алып, ооруканага жаткырылган.
Саламаттыкты сактоо министрлиги куралдуу кагылышуулардын натыйжасында жалпысынан 87 жабырлануучу жаткырылганын, анын ичинен 5 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдайт.
Жарааттардын мүнөздөмөсү боюнча, негизинен, дененин ар кайсы бөлүгүнө ок тийген жана жарылуудан алган жарааттар.
1. Баткен облустук бириккен ооруканасы — 28 жабырлануучу;
2. ЖДПБ Лейлек — 21 жабырлануучу;
3. ЖДПБ Кулунду — 3 жабырлануучу,
4. ЖДПБ Сүлүктү – 3 жабырлануучу,
5. Улуттук госпиталда — 20 жабырлануучу,
6. Улуттук хирургия борборунда – 1 жабырлануучу.
7. Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна – 6 жабырлануучу