Кадамжай районунун аймагында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн алынып келинген дары-дармек каражаттарын Өзбекстандын аймагына контрабандалык жол менен алып өтүү жүзөгө ашырылып жаткандыгы аныкталды.
УКМКдан билдиришкендей, 4-июнда Кыргызстандын жараны — Ноокат районунун тургунунун башкаруусундагы «Дэу-Нексия» үлгүсүндөгү унаа кармалып, текшерүү учурунда унаадан 8 кутуча дары-дармек түрүндөгү контрабандалык жүк табылган.
Мындан тышкары, унаа өткөн мамлекеттик чек ара тилкесинде тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө кошумча 127 куту дары-дармектер табылган, аны экинчи унаа түшүрүп, белгисиз багытта жүрүп кеткен.
Кармалган аткезчилик жүктүн базар баасы болжол менен 4 млн 406 миң 380 сомду түзөт.
Учурда ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.