7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Алма ички жана сырткы туристтер көп барган кооз аймак

985

Кара-Алма Сузак районунун аймагындагы ички жана сырткы туристтер көп барган, токойго бар, жаратылышы кооз аймак. Райондун борбору Сузак айылынан 62 км түндүк-чыгыш тарапта жайгашкан. Тоо тизмектери Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагы, Базар-Коргон району жана Нарын облусу менен чектешет.

Деңиз деңгээлинен 1380-3705 метр бийиктикте жайгашкан. Токой аралап Көк-Арт дарыясынын оң куймасы болгон Кара-Алма суусу агат. Токоюнда элик, аюу, кашкулак, каман, каракур, кыргоол, кекилик, чүткөр ж.б. жаныбарлар байырлайт. 1937-жылы табылып, 1942-жылы геологиялык чалгындоо жүргүзүлгөн Кара-Алма марганец кени бар. Айыл чарба жерине караганда токой басымдуулук кылат.

Кара-Алмага жылына 100 миӊдеген ички жана сырткы туристтер келип эс алышат. Туристтик мезгил учурунда жарандардын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Сузак РИИБдин кызматкерлери жеринде иш алып барышууда. Милиция сууга түшүүдө этият болуп, жаш балдарды көзөмөлдөп, спирттик ичимдик ичип унаа башкарбоого чакырууда. Адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтышып, коомдук тартипти сактап, жаратылышка зыян келтирбей, көӊүлдүү эс алуу зарылдыгын эскертип жатышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

986