7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңеш президентке Эдил Байсаловду кызматтан алуу сунушун берди

664

Жогорку Кеңештин депутаттары президент Садыр Жапаровго министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду парламентке карата чуулгандуу сөздөрү үчүн кызматтан алуу сунушун берди.

Кызматтан алуу сунушуна карата 72 депутат «макул», ал эми 3 депутат «каршы» добуш беришти.

Эскерте кетсек, ушул жумада ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында депутаттар менен Эдил Байсаловдун ортосунда кайым айтышуу болуп, анда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары депутаттарды аны менен элдин атынан сүйлөшпөөнү айткан.

«Бизде эл тарабынан шайланган президент бар. Аткаруу бийлиги — бул президент жана ал министрлер кабинетин түзөт. Мага элдин атынан президент баа берет. Биз мамлекет башчынын программасын аткарабыз. Жогорку Кеңештин комитеттеринин токтомдору кеңеш берүүчү мүнөзгө ээ», — деген Байсалов.

Кечээ ЖК төрагасы Нурлан Шакиев жыйында министрлер кабинетинин мүчөлөрү парламенттин ар намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүгө укугу жок экенин айткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

665