Тоок филесин аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган жаран камалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 24-октябрында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча Лейлек районунун Арка айылынын чек ара тилкесинде филе түрүндөгү аткезчилик жүктөрдү ташуу максатында Лейлек районунун Достук айылынын тургуну 1989-жылы туулган Х.Ж.Б. аттуу кыргыз жараны «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа менен кармалды.
Тактап айтканда, УКМКнын кызматкерлеринин транспортту токтотуу талабына баш ийбей, «Худжент-Арка» унаа жолуна чыгып, андан соң контрабандалык жүктү сатуу максатында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Тажикстанды көздөй бет алган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, 15-ноябрда Ж.Х. эки суткага Баткен РИИБ убактылуу кармоочу жайына камалды.