7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров 2040-жылга чейинки Улуттук суу стратегиясынын долбоорун сынга алды

387

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин жыйынын өткөрдү.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, эгерде мурда суу ресурстарын адам баласы керектөө үчүн гана пайдаланса, азыр суу экономикалык, социалдык өнүгүүнүн жана бирдиктүү экологиялык системаны сактоонун маанилүү фактору болуп саналат.

«Климаттын өзгөрүшү жана дүйнө калкынын өсүшү менен байланышкан глобалдык чакырыктар суу ресурстарын башкаруу боюнча чукул чараларды көрүүнү талап кылууда. Дал ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш түзүлгөн», — деп белгиледи Акылбек Жапаров жана учурда суу чарба тармагы реформаланып жатканын, бул үчүн эффективдүү чечимдер талап кылынарын кошумчалады.

Өз кезегинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки Улуттук суу стратегиясынын долбоорун сунуштады.

«Биздин республиканын суу ресурстары Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнөн айырмаланып, толугу менен республиканын аймагында түзүлөт. Биздин дарыялардын дээрлик бардыгынын энергетикалык потенциалы жогору. Бирок мыйзамдардын жеткиликтүү иштелип чыкпагандыгына жана квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигине байланыштуу да бир катар көйгөйлөр бар», — деди министр.

Министрлер кабинетинин төрагасы сунушталып жаткан стратегияны сынга алып, документте өлкөнүн суу ресурстарынын келечегине, атап айтканда, алардын жеткиликтүүлүгүнүн балансына комплекстүү баа берилбегендигин, суу ресурстарын башкаруунун артыкчылыктуу багыттары боюнча, өзгөчө гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөр жаатында сунуштар жок экендигин белгиледи.

«Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигин түзүүдөн мурун, республиканын бардык жаратылыш ресурстарын көзөмөлдөө жана эсепке алуу механизмдерин иштеп чыгуу боюнча так милдет коюлган. Бир жыл өттү – эсепке алуу да, көзөмөл да жок. Иш-аракеттердин деталдуу планы керек, аракеттериңизди конкреттештириңиз. Стратегияны Айыл чарба министрлиги менен биргеликте толуктап иштеп чыгыңыздар», — деп тапшырма берди Акылбек Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

388