7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек арага жакын жайгашкан айылдардагы жабыркаган үй-бүлөлөр бекер көмүр менен камсыздалат

570

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен жана Ош облустарында Тажикстандын куралдуу агрессиялык актысынын натыйжасында жабыркаган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын биринчи отурумун өткөрдү.

Анда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө республикалык бюджеттен бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө чечимдин долбоорун кыска мөөнөттүн ичинде президенттин администрациясына киргизүү тапшырмасы берилди.

Ведомствого ошондой эле Баткен жана Лейлек районунун тургундары үчүн социалдык жөлөкпулдарды эсептөө тартибин жөнөкөйлөштүрүү тапшырмасы берилди.

Экономика жана коммерция министрлигине 10 күндүк мөөнөттө жабыр тарткан ишкер субъекттерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө токтомдун долбоорун толуктап иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизүүсү тапшырылды.

Энергетика министрлигине электр энергиясын үзгүлтүксүз берилишин камсыздоо жана чек арага жакын жайгашкан айылдардагы жабыркаган үй-бүлөлөрдү бекер көмүр менен камсыздоо тапшырмасы берилди.

Тиешелүү ведомстволорго Ак-Сай жана Чоң-Талаа айылдарындагы жалпы билим берүү мектептерин коопсуз аймактарга куруу боюнча тапшырмалар берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

571