Белгилүү түрк актрисасы Неслихан Атагюл 1992-жылдын 20-августунда жарык дүйнөгө келген. Ал күйөрмандарына «Два лица Стамбула», «Черная любовь», «Дочь посла» сыяктуу сериалдары аркылуу таанылып келет. Актриса тууралуу кызыктуу маалыматтарды чогулттук.
1. Неслихан 8 жашынан баштап актриса кесибин аркалап келет. Аны апасы ар кандай кастингдерге жана моделдик агенттиктерге алып барган. Кинодогу биринчи дебюту 2006-жылы болуп, «Биринчи сүйүү» тасмасында роль жараткан. Бул ролу үчүн Неслиханга «Келечеги бар жаш талант» номинациясында «Алтын кокон» сыйлыгы ыйгарылган.
2. Неслихан Атагюлдүн апасы белорус, атасы черкес улутунан. Ал өз оюн орус тилинде айта алат.
3. Неслихан күнүмдүк жашоодо косметиканы дээрлик колдонбойт, табигый сулуулукту баалайт.
4. «Два лица Стамбула» сериалына катышып жолдошу Кадир Догулду жолуктурган. Алар бири-бирин жактырган түгөйлөрдүн ролун ойношуп, экран артындагы мамиле чыныгы сүйүүгө айланган. 2016-жылы Неслихан менен Кадыр баш кошушкан.
5. Неслихан жаратылышты жакшы көрөт. Ошондуктан, ал күйөөсү менен токойдо көп эс алышат.
6. Үй жаныбарларына жакын. Анын эки мышык жана бир ити бар.
7. «Дочь посла» долбоорунан ден соолугуна байланыштуу кеткен. Ал оорунун кесепетинен бир топ арыктаган.
8. Актрисанын үй-бүлөсү орточо жашаган. Апасы үй кожейкеси болсо, атасы айдоочу болуп эмгектенген. Актрисанын жалгыз гана агасы бар.
9. Жолдошу Кадир Неслихандан 11 жаш уулу.
10. Неслихан Кадырдын жашоосундагы негизги адамдардын бири экенин жашырбайт. Сүйүктүүсү үчүн актриса «К» тамгасы менен тилине татуировка жасаткан.
11. Неслихан мурдунун формасын жактырбагандыктан ринопластика жасатган.
12. Ал картошканы абдан жакшы көрөт жана көп учурда аны менен түрдүү тамактарды жасайт.
13. Неслихан Стамбулдагы университеттердин биринен театрдык факультетин бүтүргөн.
14. Өзүн формада кармоо үчүн актриса фитнес, йога, сууда сүзүү жана Пилатес менен машыгат.
15. Неслихан менен Кадир кайрымдуулук менен алектенишет. Түрк актерлору кайрымдуулук фонддорго үзгүлтүксүз каражат берип турушат.
16. Актриса шоу чөйрөдө жүргөндү жактыра бербейт. Шаң шөкөт ал үчүн кызык эмес. Тынч эс алганды жактырат.