Бүгүн Бишкек — Ош унаа жолунда бороон болуп жана жол тайгак болгондугуна байланыштуу саат 15:45тен тартып, Жайыл районунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
«Алыскы сапарга чыккан учурда унаага керектүү дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, азык, дары кутучасы менен камсыз болуңуздар! Ошондой эле унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону унутпаңыздар»,-деп берилет маалыматта.