7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет элдиктер менен массалык мушташтын чоо-жайы айтылды

543

ИИМ түндө башаламандыкка алып келген мушташтын чоо-жайын айтты:

▪️13-майда түнү Бишкекте азиат түспөлүндөгү белгисиз адамдардын тобу Чыгыш-5 кичи районундагы пиццериянын жанында чет элдик студенттерге жолугуп, “эмне үчүн бул жерде тамеки чегип жатасыңар” деп коркутушкан. Алардын бири кол көтөрүп баштаганда чет өлкөлүктөр качып, Огонбаев көчөсүндөгү жатаканага барышкан.

▪️Белгисиз адамдардын тобу чет элдик жарандарды кууп барып, жатаканага кирип, күч колдонуп, акча жана буюмдарын тартып алышкан.

▪️Алар ар кайсы бөлмөлөрдүн эшигин тээп, кыздар жашаган бөлмөлөргө киргенде чет элдик жарандар чогулуп келгендерди кетирүүгө аракет кылып, ортодо мушташ чыккан.

▪️Кууп келгендер бир шеригин таштап качып кетишкен. Чет элдиктер Тез жардам чакырып, таяк жеген адамды ооруканага жөнөтүшкөн. Ооруканага келгенде ал атын өзгөртүп айтып, окуянын жагдайы боюнча түшүндүрмө берген эмес. Арыз менен да кайрылган эмес. Керектүү медициналык жардамды алып, кетип калган.

▪️Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган төрт адамдын экөө аныкталды, алар 18-19 жаштагы жигиттер ▪️17-майда соцтармактагы баракчалардын биринде массалык мушташтын видеосу тараган. Анда окуянын жагдайы айтылбагандыктан коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, толкундоолорго алып келди.
Булак: Sputnik

544