Чет өлкөлөрдө добуш берүүгө катышкан кыргызстандыктардын жалпы саны 26 миң 66 адамды түздү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Добуш берүү күнү тынч жана конструктивдүү маанайда өттү. Жарандар чет өлкөдө жүргөн шартта да өздөрүнүн конституциялык добуш берүү укугун пайдалануу менен жогорку жарандык жоопкерчиликти жана жигердүүлүктү көрсөтүштү.
Тышкы иштер министрлигинин штабы чет өлкөдөгү шайлоо тилкелеринин ишин күнү-түнү көзөмөлдөп, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүүнү камсыздады.
Эскерте кетсек, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Парламенттеги 90 орунга 460 талапкер ат салышты. Добуш берүү үчүн өлкө аймагы боюнча 2492, чет мамлекеттерде 100 шайлоо тилкеси ачылды. Аралыктан добуш берүүгө 27 шайлоо тилкеси уюштурулду.



