7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет өлкөлүк лидерлер кыргыз элин жана Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттукташты

543

Бир катар чет өлкөлүк лидерлер Кыргызстандын элин жана президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин куттуктоосу: «Индия элинин жана Индия Өкмөтүнүн атынан сизди жана Кыргызстандын элин Орозо айт майрамын майрамдоого байланыштуу куттуктайм.

Ыйык Рамазан айында Индиянын жана бүткүл дүйнө мусулмандары бир ай бою орозо кармап жана дуба кылышты. Көндүм болгондой Орозо айтка даярданып жатып дүйнө жүзүндөгү адамдар бир туугандык жана ынтымак тууралуу эстешет. Биз тынчтык жана гармонияны, дүйнөдөгү бардык адамдар үчүн бекем ден соолук жана бакыт тилейбиз. Улуу маратабалуу менин эң жогорку урматтоомду кабыл алыңыз»,- деп айтылат куттуктоо катында.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин куттуктоосу: «Ислам дүйнөсүнүн куттуу майрамына карата Орозо айт майрамы менен Сизди жана боордош Кыргызстан элин өзүмдүн жана Азербайжан элинин атынан чын дилимден куттуктап, кармаган орозоңуз, дубаларыңыз жана жакшы ниеттериңизди Жараткан кабыл кылышын каалайм.

Жалпы тарыхый-маданий тамырлары, элдерибиздин бир туугандыгы сыяктуу бекем негиздерден куралган Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелердин азыркы жогорку деңгээли канааттандырат. Мамлекеттер аралык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана кызматташуубузду тереңдетүү багытында биргелешкен аракеттерибизди ийгиликтүү улантабыз деп ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.

Ирандын президенти Сейед Эбрахим Раисинин куттуктоосу: «Орозо айт – адамзатты өз маңызына кайтарган майрам, Кудайдын алдындагы парздарын так аткарып, анын ырайымдуу сыйлыгын күткөн орозо кармаган пенделери үчүн кубаныч заманы.

Ислам үммөтүнүн ичиндеги биримдикти жана ынтымакты чыңдоо, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана арттыруу үчүн күч-аракетибизди жумшайбыз деп ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.

Сейед Эбрахим Раиси Садыр Жапаровго чың ден соолук, ишинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Бахрейндин падышасы Хамад бин Иса Аль-Халифанын куттуктоосу:

«Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Бул күнү Сизге жана Кыргызстандын элине бакубатчылык, чың ден соолук жана бакыт каалайм”, — деп айтылат Хамад бин Иса Аль-Халифанын куттуктоосунда.

Иорданиянын падышасы Абдулла II куттуктоосу: «Орозо Айт майрамына карата Иордания Хашимит Королдугунун элинин жана өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге чын жүрөктөн куттуктообузду билдиребиз. Боордош элиңизге мындан аркы прогресс жана гүлдөп өнүгүү жана менин жеке жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз», — деп айтылат куттуктоодо.

Палестинанын президенти Махмуд Аббастын куттуктоосу: «Палестина Мамлекетинин, элинин жана жеке өзүмдүн атымдан улуу урматтуу Сизди, боордош элди жана Кыргызстандын Өкмөтүн Орозо айт майрамы менен куттуктоо мага чоң кубаныч алып келет.

Жараткан Алладан Сизге бекем ден соолук жана бакыт-таалай, элиңизге бакубатчылык жана өнүгүү, ал эми жалпы биздин улутубузга стабилдүүлүк менен бакубатчылыкка жетишин тилейбиз», — деп айтылат куттуктоодо.

ИКУнун башкы катчысы Хиссейн Брахим Таханын куттуктоосу: «Өзүмдүн жана Ислам Кызматташтык Уюмунун Башкы катчылыгынын жана анын органдарынын атынан Сизди Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Биз Кудайдан Кыргыз Республикасынын дайыма өнүгүшүн жана гүлдөп-өсүшүн тилейбиз, ошондой эле бүткүл ислам коомчулугуна тынчтык жана бакубатчылык каалайбыз», — деп айтылат куттуктоодо.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

544