20-апрелде Улуттук тарых музейинде Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ак таңдай төкмө акын, манасчы, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиевдин «Булбулум, булбулум ай» аттуу обондуу ырлар жыйнагынын бет ачары болуп өттү.
Иш-чарага Түгөлбай Казаков баштаган бир катар көрүнүктүү инсандар, Элмирбек Иманалиевдин бир туугандары, достору, күйөрмандары катышышты.
Кыргыз Республикасынын эл артистти Элмирбек Иманалиевдин «Булбулум, булбулум ай» аттуу обондуу ырлар жыйнагы анын үй бүлөсүнүн демилгеси менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Нурлан Нышанов түзүп, Кыргыз Республикасынын эл артисти Атайбек Бөдөшов нотага түшүргөн.
Жыйнак “Айтыш” республикалык коомдук фонду тарабынан каржыланып чыгарылган.