7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чоң-Алайда карышкыр атууга чыккан мергенчи кар көчкүдө калган

589

Чоң-Алай районунда дайынсыз болгон жаранды табуу үчүн 22 милиция кызматкер тартылган. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-февраль күнү саат 00:30 чамасында, Чоң-Алай РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө кабар келип түшкөн. Анда Чоң-Алай районунун тургуну 27 жаштагы Ж.А., аттуу жаран үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу кабарланган.

Чоң-Алай РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын негизинде, ошол эле күнү саат 05:25 чамасында Ж.А., жансыз денеси көчкү жүргөн кардын астынан табылган.

Аталган ыкчам издөө иш-чараларга Чоң-Алай РИИБдин 22 кызматкери, ӨКМнин жана жергиликтүү тургундардан 50 жакын жергиликтүү тургундар тартылган.

«Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө ошол күнү саат 10:30 чамасында, Чоң-Алай районунун тургуну, 27 жаштагы Ж.А., Чоң-Алай РИИБдин уруксат берүү тутумунда каттодо турган өзүнүн сайсыз 16 калибрдеги бир найлуу ок атуучу куралын алып, ошол айылдын беш мергенчиси менен карышкыр атуу үчүн Чоң-Алай районунун Кулчу айылынын тоолоруна барышып ал жерде жолду кыскартуу максатында, Ж.А., мергенчилерден бөлүнүп башка жолго түшүп дайынсыз жоголгон. Мергенчилер анын артынан барган учурда маркумдун баскан жолдон узундугу 300 метр, туурасы 50 метр кар көчкү жүргөндүгү аныкталган»,- деп берилет маалыматта.

Аталган маалымат Чоң-Алай РИИБдин маалыматык электрондук журналына катталып, текшерүү иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

590