Чоң-Алайда 7күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 54-жаштагы кишинин жансыз денеси суудан табылды. Анын өлүмүнө шектелип 2 жаран кармалган алар уруша кетип,сабап салганын моюндашкан. Бирок, сууга кантип тушүп калганы азырынча такталууда. Бул тууралуу Ош ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-октябрь күнү Жар-Башы айлынын тургуну, 30 жаштагы Э уулу Б милицияга арыз менен кайрылып, атасы 54 жаштагы Ж. Э. Дароот-Коргон айылынын борбордук базарында жүргөн бойдон дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирген.
Аталган факты Чон-Алай РИИБинде каттоого алынып, издөө жарыяланган.
16-октябрь күнү болжол менен саат 17:10 чамасында 54жаштагы Ж. Э.нин жансыз денеси «Кызыл-Дарыя» суусунан табылган. Соттук-медициналык экспертиза маркум киши колду болуп каза болгондугун аныктаган.
Бул кылмышка шектүү катары Жекенди айыл аймагына караштуу Кулчу айылынын 50жаштагы тургуну Э.Ч. менен 61 жаштагы А. Р. кармалган. Алар маркум менен сөз талашып уруша кетип экөөлөп токмоктоп, окуя болгон жерден кетип калгандыгын айтышкан. Кандайча сууга түшүп кеткендиги такталууда.
Кылмышка шектүүлөр Чоң-Алай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.