Бүгүн Бишкекте ош базарында адашып жүргөн 9 жаштагы бала табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эртең менен 2012-жылы туулган Т.С. аттуу бала Теңдик жаңы конушунан окуу курсуна бара жатып, 176-маршруттук унаада уктап калып, «Ош базарына» кетип калган. Ал жерден башка жарандар адашып жүргөндүгүн көрүп, «102» кызматына кабарлаган.
Кызматкерлер баланын жашаган дарегин окуган мектеби аркылуу аныктап, ата-энесине аман-эсен жеткирип беришкен.