7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жаңы үй-бүлөлүк медицина борбору ачылды

263

Бүгүн, 25-февралда Бишкектин “Чоң-Арык” конушунда жайгашкан №2 үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы филиалынын ачылышы өттү.

Жаңы имарат бул аймактагы тургундарды сапаттуу медициналык жардам менен камсыз кылууга багытталып, 26 000ден ашуун адамга кызмат көрсөтөт. Мында дарыгерлердин кабинеттери, ЭКГ, УЗИ, рентген, физиотерапия кабинеттери, стерилизациялоо, техникалык жана чарбалык имараттар жайгашкан.

Бейтаптар үчүн лифт жана санитардык түйүндөр каралган. Долбоордун алкагында жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери аткарылып, борборду заманбап гана эмес, медициналык жардам көрсөтүү үчүн ыңгайлуу жайга айландырды.

Эскерте кетсек, ҮМБнын №2 филиалы 1996-жылы түзүлүп, бир нече жылдар бою “Чон-Арык” айылында жана «Орок» конушунда жайгашкан. Бирок убакыт өткөн сайын имараттар жараксыз абалга келип, фундаменти чөгүп, дубалдары кулап, бейтаптарды кабыл алуу шарттары талапка жооп бербей калган.

2024-жылы курулуш башталып, 2025-жылдын февралында расмий ачылды.

264