2017-жылы туулган бала Военно-Антоновка айылында каналга 8-май түшүп кеткен.
ӨКМден билдиришкендей, издөө иштерине жалпысынан 16 куткаруучу, ИИМдин 2 кызматкери, туугандарынан 25 адам тартылган.
«Изделип жаткан баланын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан бүгүн саат 9:30да табылып, туугандарына өткөрүп берилди», – деп айтылат маалыматта.