7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди (ФОТО)

527

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 78 жылдык майрамы Ош шаарынын борбордук аянтында жогорку деңгээлде белгиленди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Майрамдык салтанатка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы башкы консулу Андрей Бибишев,Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагерлери, күч түзөмдөрүнүн кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

Майрамдык иш-чара, «Өчпөс от» мемориалдык комплексине гүл чамбарларды коюу, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү менен башталды.

Акылбек Жапаров чогулгандардын баарын Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктап, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын эрдиктери ар дайым биздин эсибизде сакталарын белгиледи.

Каала башчысы Бакытбек Жетигенов Улуу Жеңишти алып келген ардагерлерге таазим этүү менен убакыт өткөн сайын арабыздагы ардагерлердин катары суюлуп, Улуу Жеңиштин мааниси улам артып баратканын белгилеп, Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүнүн атынан куттуктап сөз сүйлөдү.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө согуш ардагерлерине сый урмат көрсөтүлүп, маданият ишмерлери, шаардык маданият башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.

Мындан тышкары, мекеме-ишканалардын кызматкерлеринен, активисттерден, шаар тургундарынан турган он эки миңге жакын адамдын катышуусунда, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлерди эскерүү максатында, «Түбөлүккө тирүү – түбөлүккө кызматта» аттуу ураандын астында «Өлбөс полк» жөө жүрүшү болду.

Ошондой эле, Токтогул атындагы сейил бакта « Аскердик талаа ашканасы» деп аталган жоокер-ардагерлер үчүн сый тамак тартууланып, ал концерттик программа менен коштолду.

Белгилей кетсек, Улуу Ата Мекендик согушка Ош шаарынан 14 621 адам чакырылган. Анын ичинен 3118 жоокер курман болуп, 401 жоокер дайынсыз жоголгон. Бүгүнкү күндө согуштан аман кайткан Улуу Ата Мекендик согуштун 2 катышуучусу, 3 ооруктун каармандары калк менен бирге Жеңиштин 78 жылдыгын майрамдашууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

528