7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
37°C

Жалал-Абадда Жеңиштин 78 жылдыгы кандай белгиленди? (ФОТО)

228

Бүгүн, 9-май күнү Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы белгиленди. Майрамдын алкагында алгач, Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин эстелигине гүл коюулуп, куран окулду.

Эскерүү иш-чарасына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Сузак районунун акими Б.Сыдыкназаров катышты.

Андан соң салтка айланган “Өлбөс полк” жөө жүрүшү болуп, жөө жүрүштүн катышуучулары эки топко бөлүнүп, биринчи топ Т.Тайгараевдин эстелигинен, экинчи топ “Эркиндик” аянтынан “Жеңиш” эс алуу багына барышты.

«Жеңиш» эс алуу паркындагы майрамдык иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Айзат Раматиллаева баштаган депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаардагы жалгыз согуш ардагери Сафин Гаффан жана концлагер туткуну Валентина Симоненко, шаар тургундары катышты.

Иш-чарада Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстеликке гүл коюлуп, куран окулду.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков: » Ардактуу ардагерлер!
Сиздердин улуу эрдигиңиздердин аркасы менен биз ачык асман алдында, бейпил заманда жашап жатабыз.
Сиздер кан майданда өлүмгө тик карап, оорукта күн-түн дебей эмгектенип, бизге жашоодогу эң баалуу белекти – тынчтыкты, бейпил жашоону, көз карандысыздыкты бердиңиздер.
Сиздер эрдигиңиздер, сиздердин эмгегиңиздер эч качан унутулбайт!»-деп белгилеп, согуш ардагери Сафин Гаффан жана концлагер туткуну Валентина Симоненкого жергиликтүү бийлик тарабынан атайын белектерди тапшырды.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынан Улуу Ата Мекендик согушка 10 миңден ашуун адам аттанып, алардын 5024 кайтып келген. Учурда шаарда жалгыз согуш ардагери жана бир концлагер туткуну бар. Аларга 8-май күнү Улуу Жеңиш майрамына карата Президент тарабынан 100миң сомдон, жергиликтүү бийлик тарабынан 20 миң сомдон акча каражаты тапшырылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

229