7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Москвада Садыр Жапаров Жеңиштин 78 жылдыгына арналган аскердик парадга катышты (ФОТО)

545

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Россия Федерациясына жасаган расмий сапарынын алкагында Москва шаарындагы Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган парадга ардактуу конок катары катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Салтанаттуу жүрүшкө 30 параддык эсепте 8 миңден ашык аскер кызматкерлери жана 125тен ашык аскердик техника катышты.

Жеңиш парады аяктагандан кийин Президент Садыр Жапаров жана Россиянын Президенти Владимир Путин Армения, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын лидерлери, ошондой эле делегация башчылары жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен бирге Александр бакчасындагы Белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүл коюшуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине бир мүнөт үн катпай таазим кылышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

546