Чүйдүн Новопокровка айылындагы Чоң Чүй каналына 55 жаштагы эркек киши түшүп кеткен. Бүл тууралуу ӨКМнен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жерине жети куткаруучу, бир жел кайык, беш милиция кызматкери, туугандарынан үч адам тартылып, издөө иштери жүргүзүлгөн. Издөө иштери убактылуу токтотулган, натыйжа болгон эмес.
Бүгүн, 2-февралда издөө иштерин улантуу максатында сегиз куткаруучу тартылган.