7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Zagreb Open эл аралык мелдеши: Айсулуу менен Айперинин атаандаштары белгилүү болду

1162

 Хорватиядагы Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдешке катыша турган Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызынын атаандаштары белгилүү болду. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, мелдеш 1-5-февралда Загреб шаарында өтүүдө.

Айсулуу кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта мелдештин тандоо турунан баштап катышат. Анын алгачкы атаандашы кытайлык Сяоцзюнь Луо болот. Ал буга чейин Азиянын эки жолку чемпиону (2015, 2019-жылдары) болгон. Ал эми, беттеш 3-февралда Бишкек убактысы менен саат 15:00дө башталат.

4-февралда Айпери Медет кызы 76 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сынайт. Ал индиялык Киран аттуу кыз менен килем үстүнө чыгат. Беттеш Бишкек убактысы менен саат 15:00дө башталат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1163