7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чоң Чүй каналынын жээгинде жаңы жолдун курулушу башталды

165

Бишкек шаарында Чоң Чүй каналынын жээгинде жаңы жол куруу жана жөө жүрүүчүлөр үчүн эс алуу аймагын уюштуруу иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор Үсөнбаев көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки тилкени камтыйт.

Курулуш иштерине тоскоолдук жараткан мыйзамсыз объектилерди демонтаждоонун алкагында бир жеңил типтеги объект, тогуз жеңил тор конструкциядагы объект жана үч капиталдык тосмо алынган.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында муниципалдык менчиктеги жалпы аянты 2 620 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз курулуштардан бошотулду.

Мэриянын маалыматына караганда, жаңы жолдун жана эс алуу аймагынын курулушу шаардык инфраструктураны жакшыртууга жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

166