7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык самбочулар Азия жана Океания чемпионатында 36 медаль жеңишти

198

Филиппиндин Манила шаарында өткөн самбо боюнча Азия жана Океания чемпионатында кыргызстандык спортчулар 36 медаль жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалым болгондой, Кыргызстандын курама командасы жалпы командалык эсепте үчүнчү орунду ээледи.

Мелдеште кыргызстандык самбочулар 8 алтын, 9 күмүш жана 19 коло медаль жеңип алышты.

Чемпионаттын алтын байгелерин Дастан Исаков, Даниел Шаршенов, Куттубек Төлөшев, Бектен Эркебай уулу, Артур Манченко, Эмир Жаныбеков, Артур Сансызбеков жана Илья Сухинин жеңишти.

Самбо боюнча Азия жана Океания чемпионаты 25- 28-июнь күндөрү Филиппиндин Манила шаарында өттү.

199