7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте ноябрга чейин 38 жаңы трансформатор орнотулат

182

Бишкек шаарында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында энергетикалык инфраструктураны жаңылоо иштери активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасы билдирди.

Маалым болгондой, ишкананын балансында 2 миң 248 трансформатор бар. Жыл соңуна чейин алардын бардыгы техникалык тейлөөдөн өткөрүлүп, зарыл болгон оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Программанын алкагында 38 жаңы трансформатор орнотулуп, эскирген 31 комплекттүү трансформатордук көмөк чордон жаңыланат. Ошондой эле шаар боюнча 278 темир-бетон мамы орнотулуп, кабелдик жана аба электр чубалгылары реконструкцияланат. Аймактар боюнча Чыгыш райондук электр тармактарында 113 трансформатор оңдолуп, 25 жаңысы орнотулат. Батыш райондук электр тармактарында 100 трансформатор оңдолуп, 3 жаңы трансформатор коюлат. Ал эми Түндүк райондук электр тармактарында 85 трансформатор оңдолуп, 10 жаңы трансформатор орнотулат.

Ишкана билдиргендей, пландалган курулуш-монтаждоо жана оңдоо иштеринин бардыгын ушул жылдын ноябрь айына чейин бүткөрүү мерчемделген.

183