«Чоң Казат» партиясынын мурдакы кеңсе-менеджери Ислам Болотов өзүнүн мурдагы төрагасы жана экс-вице-премьер-министр Максат Мамыткановду 100 миң сом эмгек акы карызы үчүн сотко берүүнү көздөп жатат. Ислам Болотов Мамэкотехинспекциясынын Эмгекти коргоо жана эмгек мамилелери бөлүмүнө жолдогон кайрылуусун социалдык тармактарга жарыялады.
Анын айтымында, ал офис-менеджери болуп 2020-жылдын февраль айында жумушка орношкон.
«Мени партиянын төрагасы Максат Мамытканов жумушка алган. Ал айына 15 миң сом маяна берүүнү убада кылган. Мен офис-менеджери болуп жумушка орношконум менен кеңседе күзөтчү, тазалыкчы, кампа башчысы, дегеле кеңсенин тегерегиндеги бардык жумуштарды аткардым. Эмгек келишими жана кызматка кабыл алуу буйругу чыккан эмес. Алар убакыттын жоктугуна шылтоолошкон, бирок айлыкты сөзсүз беребиз деп убада беришкен», — дейт Ислам Болотов билдирүүсүндө.
Белгиленгендей, 9 ай иштегендиги үчүн кеңсе-менеджерине партиядан 38 миң сом төлөнгөн. Ал эми эмгек акынын калган көлөмү 97 миң сомду түзөт.
Ислам Болотов «Чоң Казат» партиясын жана анын мурдагы төрагасы Максат Мамыткановду айлык маянасын төлөп берүүгө милдеттендирүүнү суранат. Болбосо, ал маалымат жыйынын өткөрүп экс-лидер Максат Мамыткановду расмий сотко берүүнү көздөп жатат.