7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон-Ата шаарында Жусуп Абдрахмановдун эстелиги ачылды

642

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кечээ, 24-декабрда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Жусуп Абдрахмановдун эстелигинин ачылышына катышты.

Чогулгандар алдында сүйлөп жатып, Мамлекеттик катчы өлкөдө кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрүнүн бири, кыргыз элинин чыныгы баатыры Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган иш-чаралар жыл бою өткөнүн эске салды. Мындай иш-чаралар кийинки жылдары дагы уланат.

Ал Абдрахмановдун мамлекеттик ишмердүүлүгүн илимий мекемелерде, ЖОЖдордо изилдеп, доктордук, кандидаттык диссертацияларды даярдашууда.

Мындан сырткары, Казакстандын Алмата шаарында ноябрда, Сүйүнбек Касмамбетовдун айтымында чыгаан мамлекеттик ишмердин 120 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция болуп өткөн.

«Мен өзүм тарыхчымын. Биз окуп атканда бул киши тууралуу болгону жарым эле абзац бар эле. Касым Тыныстанов, Зияш Бектенов, Баялы Исакеев, Жусуп Абдрахмановдор болгон деп эле койчу эле. Эч ким бул адамдарды даап айта алган эмес. Ал кезде башка доор болгон эле. Улуттук аң сезимди ойготуучу, улуттун негиздөөчүлөрүнүн өмүр баянын окутуу ошол кезде балким опурталдуу болгондур», — деп белгиледи Мамлекеттик катчы. Ошондой эле, кыргызстандыктардын арасында өлкөнүн кызыкчылыктарын барынан жогору койгон уул-кыздары көп болгонун белгиледи.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

643