7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон-Атада дайынсыз болгон 4 өспүрүм табылды

648

Чолпон-Атада дайынсыз болгон 4 өспүрүм аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

8-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында  тоого 4 бала  чыгып, акыркы жолу саат 18:00дө байланышка чыккан  бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

11 жаштагы үч бала жана 16 жаштагы бир  баланы  издөөдө  жетүү кыйын аймак болгондуктан, ИИМдин кызматкерлери көмөк көрсөтүү боюнча кайрылышкан.

Издөө ишин  жүргүзүүгө ӨКМдин Авариялык куткаруу унаасы менен  3 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер жана туугандарынан 3 адам тартылган.

Натыйжада куткаруучулар тарабынан түнкү саат 12:10до жогорудагы 4 бала аман-эсен табылып, ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

649