7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жети күн»: Бишкектин аймагы 3 эсеге өскөнүн туура пайдаланса, борбор калаа абдан өнүгүп кетет

268

«Жети күн»: Бишкектин аймагы 3 эсеге өскөнүн туура пайдаланса, борбор калаа абдан өнүгүп кетет

2024-жылдын 3-мартынан 9-мартка чейинки окуялар тууралуу саясат талдоочу, Евразиянын стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Бакытбек Жумагулов менен маек

Негизги окуялар:

– Электр энергиясынын тартыштыгы тууралуу президент Жапаров 6-мартта кечинде атайын интервью берди.

– Жарыкты өчүрүүлөр башталды, анткени Токтогул ГЭСинин кубаты жетпей жатат деп айтылууда

– Бишкек ТЭЦи бир айдан ашык мезгилге толук токтотулуп, ысык суу 40 күнгө чейин берилбей калаары айтылды.

– Акылбек Жапаров – БУУнун баш катчысынын жардамчысы Ивана Живкович менен жолукту.

– Кыргызстанга Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Доминик Фавр келип кетти.

– Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Түркияда чек аралар боюнча жолугушуу өткөрүптүр.

– Каныбек Осмоналиевдин ордуна тил комиссиясын жетектөөгө Мелис Мураталиев келди

– Президент Жапаров жана күч түзүмдөрүнүн башчылары 40ка жакын журналист менен жолукту.

– 2022-2023-жылдары Кумтөрдү тамак-аш менен Камчы Көлбаевдин компаниясы камсыздап келген экен.

– Чүй облустук ооруканасын Экинчи шаардык тез жардам ооруканасы деп кайра түзүү буйругу чыкты.

 

– Орок, Орто-Сай, Көк-Жар, Новопавловка сыяктуу аймактары кошулгандан Бишкек шаарынын аянты 3 эсеге өсүп, 13 миңден 39 миң гектарга чейин жетти.

– Аймагы кескин кеңейгени менен, Бишкектин калкы болгону 100 миң адамга гана көбөйөт экен.

– Бишкекке кошуна аймактар кошулгандыктан, шаар бюджетин алар болгону 800 млн сомго гана көбөйтөт экен, ошондуктан мурдагы 24 миллиардка өлкө бюджетинен дагы 7 млрд берилип, эми борбор калаанын бюджети 32 жарым млрд сомго жетмей болду.

– Парламент аралык кызматташуунун алкагында спикер Нурлан Шакиев Улуу Британияга барып келди.

– Баткен жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо чөлкөмдөрүндө кезексиз добуш берүү 28-апрелге дайындалды.

– Свердлов районунда 2 жыл мурда өткөн шайлоонун жыйынтыктарын административдик сот өзгөртүп, Атазовдун ордуна депутат деп Муртазалиевди атады.

– Дамира Ниязалиева 3 жылга эркинен ажыратылып, мунапыз боюнча эркиндикке чыкты.

– Биринчи май соту Мелис Аспековду 7 жылга эркинен ажыратты. Мурда ал мунапыс менен эркиндикке чыккан.

– Эл аралык валюта кору отчёт чыгарып, Кытайдан Кыргызстанга болгон импорт 42 пайызга көбөйүп, ал эми Кыргызстандан Орусияга болгон экспорт 48 пайызга өстү деп билдирди.

 

– Кечээ күнү, 8-мартта, Бишкекте аялдардын укугун коргоого арналган атайын жөө жүрүш болуп өттү.

– АКШнын Эл аралык республикалык институтунун сурамжылоосу тууралуу өткөн аптада дагы сөз кылдык эле, бирок азыр дапгы бир жолу карап көрсөк болот.

– Эл азыр маалыматты, негизинен, социалдык тармактардан алат экен. Радиону дээрлик эч ким укпай, гезиттерди окубай калыптыр.

– Аялдардын жетекчилиги тууралуу атайын мамлекеттик программа түзүлүп, ага президент кол койду.

– Дүйшөмбү күнү Бириккен улуттардын Адам укуктары боюнча кеңешинде Кыргызстандагы абал талкууланды.

– Фридом хаустун рейтинги боюнча Кыргызстан кайрадан эркин эмес мамлекеттердин катарына кирди.

– Кыргызстанга Сауд Арабиянын өкүлчүлүгү келип кетти.

– Жеке менчик медлабораториялардагы баалар УКМКнын кийлигишүүсү менен 30 пайызга төмөндөтүлдү.

– Бишкек мэриясы «Тазалык» менен «Бишкекзеленстрой» ишканаларын бириктирүү маселесин карап жатат.

– Атайын бөлүнгөн жерде эмес тамеки чегүү үчүн айып пулдун өлчөмү 1 миң сомдон 3 мин сомго чейин көтөрүлдү.

– Президент дезертирлерге мунапыс жарыялады.

269