7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон-Атада курулушту сыноо лабораториясы ачылды

359

Чолпон-Ата шаарында Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун сыноо лабораториясы ачылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Өлкө аймагындагы курулуштардын көлөмү жылдан-жылга көбөйүп жаткандыгына байланыштуу курулуш объектилеринин сапаты биринчи орунда болушу шарт.

Мындан улам Курулуш министрлиги курулуш иштеринин маселесин жеринен ыкчам чечүү, текшерүү, көзөмөлдөө максатында бул ирет Чолпон-Ата шаарына сыноо лабораториясын ачып, пайдаланууга берди.

Жаңы ачылган лабораторияда тиешелүү жабдуулар, адистер үчүн бардык шарттар жана көчмө курулуш лаборатория машинасы каралган.

360