7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон-Атада жайкы туристтик мезгилге даярдык көрүү боюнча жыйын өттү

944

Бүгүн, 28-апрелде Чолпон-Ата шаарында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Туризм департаментинин директору С. Шатмановдун жетекчилиги астында «жайкы туристтик мезгилге даярдык көрүү боюнча» президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары У.Далиев, жергиликтүү мамлекеттик кызматтар жана санаторийлердин катышуусунда пландык жыйын өттү.

Маалыматка ылайык, жыйында 2023-жылдын 1-январынан тартып Ысык-Көл облусундагы пансионаттарды инженердик коммуникация жана курулмалар менен камсыздабай иштетүүгө тыюуу салынгандыгы туурасында, тийиштүү иштерди пансионаттар, санаторийлер жана конок-үйлөр менен биргеликте кечиктирилгис иш алып баруу зарылдыгын белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө С. Шатманов ИИМдин укук-коопсуздукту коргоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынына, КРнын ӨКМнин облустагы башкармалыгына, жергиликтүү мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдө борборуна туристтердин коопсуздугун камсыздоо, аяр мамиле кылуу жана меймандостугубузду көрсөтүү боюнча иштерин жүргүзүү тапшырмасын койду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

945