7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон-Атада Жеңиш кубогуна арналган турнирдин ачылышы болду

446

Бүгүн, 3-май күнү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Республикалык Жеңиш кубогунун алкагындагы Биринчи лиганын тайпалык оюндары старт алды.

Алгачкылардан болуп оюн талаасында А тайпасында орун алган “Ак-Суу” – “Бакай-Ата” командалары беттешти. “Ак-Суу” командасы 6-3 эсеби менен алгачкы жеңишин камсыздады.

Экинчи оюнда В тайпасындагы “Ак илбирс” – “Кара-Балата” командалары кез келди. Оюн 10:2 эсебинде “Ак илбирс” командасынын пайдасына жыйынтыкталды. Белгилей кетсек, “Ак илбирс” Нооруз турниринде Экинчи лиганын чемпиону болуп, Биринчи лигага көтөрүлгөн.

Үчүнчү оюнда С тайпасында жайгашкан “Кара-Кулжа” “Жети-Аке” командалары кез келип,  8-1 эсеби менен “Кара-Кулжа” командасы жеңишке жетишти.

Төртүнчү беттеш D тайпасындагы “Четинди” – “Талас” командаларынын ортосунда орун алды. Оюн 6-1 эсебинде “Талас” шаарынын пайдасына жыйынтыкталды.

447