7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон-Атада жол эрежесин бузгандарды аныктоочу аппарат иштей баштады

512

Ысык-Көл облусунун Чолпон-ата шаарында жылып туруучу “Авто ураган» стационардык аппараттык-программалык комплекси ишке кирди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Башкы максат жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана туристтик мезгил учурунда коопсуздукту күчөтүү болуп саналат. Күн мурун түшкө чейин беш автоунаанын ар кандай эреже бузгандыгы аныкталып, алар убактылуу айып короо жайына токтотулду.

“Авто ураган” стационардык аппараттык-программалык комплекси аркылуу төмөнкүлөрдү аныктоого болот:

  • автоунаанын издөөдө жүргөндүгүн;
  • айып пулдарын өз убагында төлөбөгөндөрүн жана сотко өткөндөрүн;
  • каттоосу убактылуу токтотулгандарын;
  • ылдамдыкты ашырып айдагандарын жана башка бардык укук бузууларды.

Эскерте кетсек, 25-июндан тартып Чүй облусунун Жайыл районунун “Сосновка” постунда да стационардык аппараттык-программалык комплекси ишке кирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

513